www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстандан өлкөнүн бийлигинде абал турукташканда кетет. Бул тууралуу ФСБнын отставкадагы полковниги, «Вымпел» аналитикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Владимир Клюкин билдирди. Ал өз пикирин Lenta.ru менен бөлүштү.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында бейпилдик аскерлери өлкөдө тынчтык орнош үчүн Казакстанда канча убакыт калаарын билдирген.

"Алар муну өз адамдарынын арасында иргеп, татыктуу адамдарды тиешелүү кызматтарга дайындайт, ошондо ЖККУнун өзүнө абал турукташканы, казак бийлиги кырдаалды мындан ары да жөнгө сала ала турганы айкын болгондо, аскерлерди толук түрдө алып чыгып кетүү керек деп ойлойм", - деди Клюкин.

Эске салсак, ишемби күнү, 8-январда казак бийлиги президент Касым-Жомарт Токаев 6-январда кызматтан алган Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы жетекчиси, Карим Масимовду мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармады. 9-январда ал УКМКнын төрагасынын эки орун басары Даулет Ергожин менен Марат Осиповду кызматтан алганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости