www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Омикрон" штаммынын 80ге жакын мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Алардын арасында азырынча Кыргызстанда жок.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун "омикрон" штаммынын тездик менен тарап жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу ДССУ өкүлү Дэвид Набарронун Sky News телеканалындагы маегине шилтеме берип "Известия" жазды.  "Ар бир 2-3 күн сайын ооругандардын саны кескин көбөйүүдө. Бул кырдаал бир аптадан кийин сегиз эсе, эки аптадан кийин 40 эсе көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Өлгөндөрдүн саны аз болгону менен вирус массалык түрдө тарап, өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасын бир топ алсыратып коюшу мүмкүн. Абал эки аптага жетпей курчушу ыктымал", — деди Набарро.

2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости