www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДССУ) Европа аймактык директору Ханс Клюгени кабыл алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

ДССУнун Европа аймактык директору Клюге, Түркия сапарынын алкагында эң оболу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолукту.

Кожа, Клюге менен жолугушуудан кийин, «Биз Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Стамбул шаарында гуманитардык жана саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдарга даярдануу кеңсесин ишке киргизип жатабыз. ДССУ жагынан өзгөчө позицияга ээ болгон кеңсе коронавирус алкагындагы учурдагы муктаждыктарды канааттандыруу үчүн өз ишин жетектейт», - деп айтты.

Клюге жасаган билдирүүсүндө, «Мен коронавируска каршы биргелешкендиги үчүн түрк элине жана бийликтерине терең ыраазычылыгымды жана урматтоомду билдирем», - деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости