www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы популярдуу дары-дармектер натыйжасыз деп табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУУ) изилдөөсү тастыктаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, "Ремдесивир", "Гидроксихлорохин", "Лопинавир" жана "Интерферон" дары-дармектери ооруканалардагы өлүмдүн азайышына дээрлик таасирин тийгизген эмес. Изилдөө ооруканага жаткырылган 11 миң 266 бейтапты дарылоодогу маалыматтарга негизделген. Азырынча изилдөөчүлөр тарабынан толук изилденип бүтө элек.

ДССУнун эл аралык көп борбордуу клиникалык изилдөөлөрүнүн алкагында жаңы коронавирустук инфекцияны дарылоонун эң келечектүү төрт режими, анын ичинде "Ремдесивир" препараты сыналган. 2020-жылдын июль айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  башкы окумуштуусу Сумия Сваминатан вируска каршы дары-дармектерди текшерүү учурунда "Ремдесивир" гана COVID-19га каршы келечектүү натыйжаларды көрсөткөнүн жарыялаган.

Ошондой эле эксперт "Ремдесивир" бейтаптарды ооруканага жаткырууну азайтууда жакшы натыйжа көрсөткөнүн, бирок коронавирустан каза болгондордун санын азайтууда натыйжа бербегенин баса белгилеген. Анын айтымында, ушул кезге чейин жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул дарыны ичкенде бейтаптар тезирээк сакайып кетишет.

Белгилей кетсек, коронавирус илдетин жуктуруп алгандар аталган дарыны ичкенден 11 күндөн кийин калыбына келерин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости