www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДСУУ: Европада эпидемиологиялык абал начарлап жатат

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Майкл Райан европалык лидерлерге үмүт менен жашоону токтотуп, кыш мезгилинде абал курчуганда элдин аярлуу катмарын коргоого мүмкүнчүлүк берген катаал чечимдерди кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу «ВВС» жазды.

Данияда эпидемиологиялык абал начарлап бара жатканына байланыштуу кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилди. Анын ичинде бар жана ресторандардын иштөө убактысы кыскартылды.

Ал эми Францияда жаңы окуу жылы башталгандан тартып 28 билим берүү мекемесинде балдардын арасында Covid-19 жуктургандар катталгандан кийин 81 мектеп жабылды. Өлкөдө август айынан бери коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөндүгү байкалууда. Өткөн жекшемби күнү болсо бир суткада коронавирус аныкталгандардын саны 10 миң адамдан ашты. Мындан улам Бордо жана Марсель шаарларынын бийлиги карантиндик чараларды күчөтүүнү чечти.

Маалыматка ылайык, соңку суткада Чехияда коронавирустун жаңы 1677 учуру катталды. Бул өлкөдөгү жаңы антирекорд болуп саналат. Ооруканага жеткирилген жана интенсивдүү терапияга муктаж адамдардын саны көбөйүүдө. Өлкөнүн бийлиги оорудан каза болгондор да көбөйгөнүн белгиледи. Алардын баалоосу боюнча, Чехиядагы абал март-апрелдеги көосөткүчтөргө жакындап барууда.

Буга кошо өткөн жумада Чехияда бир катар катаал чектөөлөр киргизилген. Бирок жергиликтүү медиктер анын жыйынтыгы 2-3 жумадан кийин гана көрүнөрүн эскертишти. Ага карабай начарлай берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости