www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп маалымат жыйын учурунда коронавируска каршы вакцинаны АКШ октябрь айында массалык түрдө колдонуп баштай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз вакциналарды коопсуз жана натыйжалуу түрдө таратууга даярбыз. Менимче, бул ишти октябрдын этегинде же андан кечирээк баштайбыз", — деген Трамп.
Ошондой эле, ал Америка ушул жылдын аягына чейин 100 миллион доза вакцинаны таратууга даяр экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, россиялык адистер COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган. Ал "Спутник V" деп аталып, ушу тапта Россиянын аймактарына жөнөтүлө баштады.
Булак: NazarNews.kg