www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат.

Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө.

Белгилей кетсек, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери "Шайлоо коопсуздугу тууралуу" тренингден өтүшкөн.

Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга өтөт. Ага 16 саясий партия катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости