www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жайгашкан 
"Дубровский" рестораны мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Орунтаев өз сөзүндө: "Дубровский" рестораны толугу менен мамлекеттин балансына өттү! 0,37 га жери жана 48 500 000 сомдук имараты менен мамлекеттин карамагында болот", - деп билдирди. 

Буга байланыштуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Айрымдар жеке менчик кол тийгис экенин, аны күчкө салып тартып алуу бизнеске залакасын тийгизип, ишкерлерди качыраарын айтып жатышат.

Кээ бирлери болсо мэриянын чечими туура болгонун белгилешип,  "Дубровский" ресторанынын ээси кыргыз тилине, кыргыз жарандарына карата жасаган шовинисттик мамилесинен улам туура кылды деп кубатташууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости