www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 51 жаштагы аял эгиз төрөдү. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул өтө сейрек учур Алматыдагы №2 перинаталдык борбордо болгон. Аталган борбордун директорунун орун басары Кымбат Абдраимованын айтымында, жасалма жол менен уруктандыруу (ЭКО) аялга кеч жана абдан каалаган кош бойлуулукту өткөрүүгө жардам берген. Аял пландуу түрдө борборго жаткырылып, тиешелүү даярдыктардан кийин кесарево жолу менен төрөгөн.

"Операция ийгиликтүү, кыйынчылыксыз өттү. 2589 грамм салмакта кыз, 2345 грамм салмакта салмакта эркек бала төрөлдү. Балдардын апасы өзүн жакшы сезип, эгиздер дени сак төрөлүштү", - дейт медицина кызматкери.

Операциядан кийинки төртүнчү күнү бейтаптын абалы туруктуу болгондуктан үйүнө чыгарылган.

"Эмоциямды сөз менен айтып жеткире албайм. Кош бойлуу болууга аракет кылган 50 жыл акыры бүттү. Мен балалуу болууну кыялданчумун. Эне болуу кыялымды орундаткан Жаратканга ыраазымын", - дейт бактылуу эне.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости