www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путиндин БРИКС саммитине онлайн катышуу чечимине байланыштуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммитке баруудан баш тартканын РИА Новостиге Индия өкмөтүндөгү булак билдирген.

"Саммитке Индиянын вице-президенти же тышкы иштер министри катышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, БРИКСтин лидерлеринин конгресси Йоханнесбургда 22-24-августта өтөт. Кытай жана Бразилия лидерлеринин визиттери пландалып жатат, Россиянн атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат, ал эми Владимир Путин, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурда жарыялагандай, саммитке видео аркылуу катышат.

Бир күн мурун Рейтер агенттиги Моди иш-чарага онлайн форматта катышуу менен чектелиши мүмкүн деп билдирген. 

БРИКС азыр Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет. Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Аравиясы жана Египет сыяктуу кеминде 19 мамлекет мамлекеттер аралык бирикме кошулууну каалаштарын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости