www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда жайылган коронавирус тууралуу маалыматтар ар бир күнү, саат санап жаңыланууда. Жаманбы-жакшыбы, Кытай менен биздин өлкөнүн экономикасы да катуу чырмалышып калган абалда. “Дарт токтобой, чек аралар узакка жабылса, биздин өлкөнүн экономикасына кандай таасири тийет?” деген суроо менен эксперттерге кайрылдык.

Чыңгыз МАКЕШОВ, экономика эксперти:

-- Кытай экономикасы – дүйнөнүн фабрикасы. Дүйнө жүзүнө Кытай продукция чыгарат. Алар вирустун кесепетинен үч жолу карантин жарыялады. Ошол жалпы Кытай өкмөтү боюнча чек аралар, ишканалар жабылып турат. Мунун баары бир эле Кыргызстанга эмес, дүйнөлүк экономиканын өсүшүн азайтат. Азайгандан кийин экономикалык девальвацияга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары соода токтосо, ишкерлердин кирешесин азайтат. Экинчиден, өкмөткө түшкөн салык азаят. Бул ар бир жаранга терс таасирин тийгизет. Эгерде бул вирустун жайылышы дагы узара берсе, кризиске да алып келиши мүмкүн. Канчалык мөөнөттө кесепет токтойт, ошого жараша таасир этет. 

Азыр дүйнө чакан болуп калды. Кытай дүйнө жүзүндөгү баардык мамлекеттер менен соода алака кылат. Эгерде кытайлар соодаларын азайтса, кирешелери төмөндөйт. Бул дүйнө жүзүндөгү жүгүргөн акчанын көлөмүн, санын азайтат. Жылына алардын экономикасы 7-10%га чейин өсүп бара жаткан. Быйыл болсо экономикалары токтосо, дүйнөнүн фабрикасына айланган Кытайдын экономикасы токтосо, дүйнөдөгү товарлардын баасы өсүшү мүмкүн. Биздин кийген кийимибиз, колдонгон буюмдарыбыз – баары эле Кытайдан келип жатат. Товарлар келбей калса, баалар өсүп, биздин өлкө ичинде инфляция болушу мүмкүн.

Абдыбахап НУРБАЕВ, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:

-- Кандайдыр бир деңгээлде, албетте, терс таасири тийиши мүмкүн. Бирок вирус жайылып кетсе, андан чоң коркунуч туулары анык эмеспи. Ошондуктан, чек араны жаап турганыбыз туура жана бул учурдун чечими болуп турат. Албетте, экономика абалы оорлойт. Бирок ден соолук, адамдардын өмүрү андан баалуурак. Баары аныкталып, изилденип, дарысы чыкканча жабылып турушу керек. Дүйнө боюнча жабыр тартуу болот. Биз четте кала бербейбиз. Бул аргасыздык иши. 

Бектурсун ТАКЕЛЕЕВ, жаш ишкер:

-- Кытайларда коронавирус күч ала берсе кооптуу эле. Баардык өлкөлөрдө чек аралар тосулат. Биздин Казакстан, Тажикстан тараптагы чек аралар же бажы союзунун чек аралары жабылса, бир өлкө менен экинчи өлкөнүн товар алмашуусуна терс таасирин тийгизет. Экспортко чыгарылып жаткан биздин айыл чарба товарларыбыз сыртка чыга албай калат. Анткени, башка өлкөлөр да чек араларын жабат. Товарлар өз убагында жетпейт. Күнүмдүк турмушка керектелүүчү азыктар чек аралардан эркин айланбаса, же бизге келчү товарлар убагында келбесе, ортодо сөз жок экономикага терс таасирин тийгизет. 

Жамиля Нурманбетова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости