www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө пикир келишпестиктен, талашып-тартышуудан тажады деди Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында ЖККУнун атынан жасаган кайрылуусу учурунда.
"Бүгүн, тилекке каршы, дүйнөнүн ар кыл аймактарында куралдуу чатак басылбай келет. Ага учурдагы замандын көйгөйлүү кооптуулуктары — эл аралык террорчулук, баңги жана кибер кылмыштуулук, климаттын өзгөрүшү кошул-ташыл болду. Быйыл аталган тизмеге дагы бир кооптуулук — коронавирус падемиясы кошулуп, социалдык-экономикалык жана башка тармакта олуттуу кризистик көрүнүштөрдү козгоду", — деди дипломат.
Анын айтымына караганда, глобалдык көйгөйлөргө реакция жасоо улам өсүп бара жаткан ажырымда жыл өткөн сайын татаал болуп бара жатат. Лавров мындай абал бир катар мамлекеттердин башка өлкөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыгы менен эсептешүүнүн каалабагандыгы менен байланыштуу экендигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg