www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноябрда коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын окумуштуулары айтканын чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Бирок, топтолгон тажрыйбанын аркасында экинчи толкун анчалык деле олуттуу болбойт. Бул жолу Түштүк Америка, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү вирустун кол астында болушу мүмкүн.
Жакынкы мезгилде адамзат коронавирустун жаңы түрүн толугу менен жеңе албайт. Бул тууралуу Шанхайдагы COVID-19ду дарылоо боюнча эксперттер тобунун, “Хуашань” ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Чжан Вэньхун билдирди.
Анын айтымында, ноябрь айында коронавирустун жаңы толкуну болушу мүмкүн.
“Оорулар Түштүк Америка, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө тарай баштады. Ошондуктан учурдагы математикалык модель боюнча, кыш келгенде баары үйдө отурушат, топ-топ болуп чогулушат”,-деп дарыгер айткан.
Чжан кошумчалагандай, дарыгерлер топтогон диагностикалык тажрыйбанын натыйжасында кийинки COVID-19 толкуну анча олуттуу болбошу керек. Бирок медициналык ресурстар жетишсиз болгон өлкөлөр, мисалы, Африка жана Түштүк Америкада, кийинки кышта коронавирус менен күрөшүү кыйынга турат.
Кытайлык дарыгер пандемия менен күрөшүү Европага, АКШга же Кытайга эмес, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү аз өлкөлөргө көз каранды экендигин белгиледи.
Кытайлык врачтын айтымында, пандемиянын үстүнөн контролдоо Европа, АКШ жана Кытайдан көз каранды эмес. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө мүмкүнчүлүгү аз өлкөлөргө көз каранды экендигин белгиледи.
Инфекцияны дарылоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн тышкары, Африкада жана Түштүк Америкада оорунун диагнозун жана кырсыктын масштабын реалдуу баалоо кыйынга турат.
Азыр Кытайда, өлкө бийликтеринин айтымында, коронавирустун жайылышы токтоп турат. Март айынын акырында пандемиянын очогу болгон жана COVID-19га байланыштуу январь айынын аягынан баштап карантинге коюлган Кытайдын Хубэй провинциясы менен Ухань шаарына кирүүгө жана чыгууга чектөөлөр алынып салынды.
2019-жылы декабрь айында көп миллиондук шаарда белгисиз пневмония келип чыккан. Көп өтпөй Кытай бийлиги шаарды жана провинцияны тез арада курчоого алышып, алардын ичине кирүүнү, чыгууну жана кыймылын чектешкен. Кытай эпидемиологдору Вухан базарынын коронавирустун булагы болуп калгандыгын аныкташты.
Вирус боюнча Пекин эксперттер уюмунун мүчөсү, профессор Ли Ланжуананын айтымында, илимпоздор Кытай шаарларына жаңы толкундун таралышынан коркушат. Алардын тургундары чет өлкөлүк жарандар жана башка провинциялардын туугандары менен байланышып турушат. Анын айтымында, Пекин, Шанхай, Шэньчжэн жана Ханчжоу шаарларында жаңы инфекциянын таралуу коркунучу жогору.
“Жумуш уланыш керек. Учурдагы жуктургандардын саны дагы эле жогору жана биз пациенттердин мониторингин күчөтө беришибиз керек”,-деп профессор интервьюсунда билдирген.
Ал айрым провинцияларда өндүрүш кайрадан жанданды жана көптөгөн жарандар жумушка чыга башташканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg