www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Союзмультфильм" чебурашканын образын колдонуу укугун кайтарып алганы жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Чебурашканын образын колдонуу укугун сатып алган япониялык компания жакында эле анын катышуусу менен мультфильмдин 1-чыгарылышын элге тартуулаган.

"Биз түзүлгөн келишимди жараксыз деп эсептейбиз. Бул тууралуу япониялык тарапка да билдирүү жөнөттүк. Азыркы келишим Япониянын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн экен. Эгерде кандайдыр бир териштирүү болсо, Японияда гана өтүшү зарыл экен", - деп билдирген "Союзмультфильмдин" жетекчиси Юлиана Слащёва.

Блгилей кетсек, 17 жыл мурун япониялык SP International компаниясы "Союзмультфильмден" Чебурашка жана Генанын "атасы" орусиялык жазуучу, балдар китептеринин автору Эдуард Успенскийдин китептериндеги каармандардын окуялары тууралуу мультфильмдерди 2023-жылга чейин жайылтуу укугун алган.

Бирок 2017-жылы "Союзмультфильм" студиясы жанданып, анын жетекчилиги буга чейин колдонуу үчүн берилген лицензияларды артка кайтара баштаган. Азыркы учурда алар алтын казынадагы мультфильмдин каармандарына берилген уруксаттардын 90 пайызын артка кайтарып алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости