www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө ачарчылык башталат

2020-жылдын башынан бери планетада кеминде 7 миллион адам ачарчылыктан каза болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам дүйнөнүн айрым жерлеринде ачарчылык күч алган. Программанын эксперттери ушул шарттарда ачкачылык менен күрөшүү үчүн кеминде 6,8 миллиард доллар талап кылынат деп эсептешет.

Маалымат үчүн, Бисли пандемия ири масштабдагы ачарчылыкка алып келиши мүмкүн деп эскертти. Анын айтымында, кырдаал эл аралык уюмдардын мурунку жылдардагы ачарчылыкка каршы күрөшүү аракеттерин жокко чыгарышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирусту 38 миллиондон ашуун адам жуктурган. Оорунун татаалдашынан улам каза болгондордун саны 2 миллионго жакындап калды.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости