www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын  имараты  аяктап калды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына курулуп жаткан 100 орундуу кошумча имарат ноябрь айынын аягында бүткөрүлөт.

Азыркы учурда эки блокто салынган имараттын 50 пайыздан ашуун жумуштары аяктап калды. Чатыры жабылып, биринчи кабатынын терезелери орнотулууда. Ага кошо жер асты жана үстүндөгү коммуникациялык каражаттары да бүткөрүлүүдө.

Бүгүн иш ыргагы менен облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып абал менен таанышып чыкты. Жаңы имарат колдонууга берилсе областтык оорукананын буга чейин орундар жетишсиз болуп келген бет-жаак, көз, кулак жана урология бөлүмдөрү жайгашат.

Курулуш иштери 2019-жылдын июнь айында башталган. Аны "Алым- Ата" жоопкерчилиги чектелген коому аткарып, республикалык бюджеттен 77 миллион 145 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости