www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубей провинциясындагы Вухан шаарында пайда болуп, дүйнө жүзүн каптаган жаңы түр коронавирус илдети боюнча катталгандардын жалпы саны 25 млн 917 миңге жетти.

Сovid-19 байкалган өлкө жана аймактардагы жаңы учурлар жөнүндө маалыматтар камтылган "Worldometer" интернет баракчасы боюнча дүйнө жүзүндө вирустан улам 861 миң 514 киши өлдү.

Жалпы сан 25 млн 917 миң 595 болсо, вирус жуктурган 18 млн 207 миң 309 киши айыкты.

Учурда дарыланып жаткан бейтаптардын саны 6 млн 848 миң 772.

Эң көп вирус катталып, өлүм саны көп болгон аймак АКШда 6 млн 257 миң 938 киши вирус жуктуруп, 188 миң 902 киши каза болду.

АКШдан кийинки вирус көп катталган аймактар төмөнкүлөр: “Бразилия (3 млн 952 миң 790), Индия (3 млн 769 миң 523), Россия (1 млн 5 миң), Перу (657 миң 973), Түштүк Африка (628 миң 259), Колумбия (624 миң 69).ю Мексика (606 миң 36), Испания (470 миң 973), Аргентина (428 миң 239), Чили (413 миң 145), Иран (376 миң 894), Англия (337 миң 168), Сауд Арабиясы (316 миң 670), Бангладеш (314 миң 946), Пакистан (296 миң 590), Франция (286 миң 7), Түркия (271 миң 705) жана Италия (270 миң 189)”.

АКШдан тышкары өлүм саны көп кездешкен аймактар:  “Бразилия (122 миң 681), Мексика (65 миң 241), Индия (66 миң 460), Англия (41 миң 504), Италия (35 миң 491), Франция (30 миң 661), Испания (29 миң 152), Перу (29 миң 68), Иран (21 миң 672), Колумбия (20 миң 52), Россия (17 миң 414), Түштүк Африка (14 миң 263) жана Чили (11 миң 321)".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости