www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин райондук соту Бишкектин "Жал" кичи районунда адамдарды аёсуз сабаган кишилерге карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, кылмышкердин бири Жаныбек Бапышев 10 жылга, ал эми шериги Калысбек Сейитбеков 11 жылга эркинен ажыратылды.

Алар Кылмышка аракеттенүү жана Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү фактысы боюнча (Жазык Кодексинин 39 жана 139-беренеси) күнөөлүү деп табылган.


Эске салсак, 2019-жылы 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын кайгуул күзөт кызматы барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, (кийин ал шектүүнүн бир тууганы болуп чыккан) эки шектүүнү алып кеткен. Эки жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости