www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 19 миллион 780 миң 612 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 12 миллион 897 миң 815 бейтап айыгып чыкса, 733 миң 976 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 199 миң 444 адамдан коронавирус аныкталды.165 миң 617 адам каза болсо, 2 миллион 664 миң 701 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турса, ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости