www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 19 миллион 511 миң 596 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 883 миң 367 бейтап айыгып чыкса, 725 миң 1 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 997 миң 751 адамдан коронавирус аныкталды.162 миң 421 адам каза болсо, 1 миллион 643 миң 118 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 962 миң 442 адамдан аныкталды. 99 миң 572 адам каза болсо, 2 миллион 321 миң 537 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 88 миң 611 адам вируска кабылган. 42 миң 518 бейтап көз жумса, 1 миллион 427 миң 5 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости