www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Азыркы тапта COVID-19 менен жабыркагандардын саны 11 миллион 78 миң 670ке жетип, айыккандар 5 миллион 875 миң 364 чукулдап, 525 миң 191 бейтап көз жумду.

Бул тизмеде АКШ сап башында турат. Америкада 2,7 миллион адамга вирус илешсе, 790 миң жаран айыкты. Ал эми каза болгондордун саны 129 миң 434кө жетти.

Ал эми экинчи орунду ооруну 1,5 миллион тургуну жугузуп алган Бразилия алды. Анын ичинен 984 миң айыгып, 61 миң адам көз жумду. Үчүнчү орунда коронавируска кабылган 666 миң адамы менен Россия турат. РФте 437 миң бейтап айыгып, 9000 адам мерт болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости