www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын вице-президенти Камала Харрис быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштарын эскертти. Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди. Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн. Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты. "Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Сугат сууга тийиштүү абал оор. Аны ыкчам чечүү маанилүү. Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизет. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек. Бул кыргыз дарыяларына тоодон куйган булактардын азайышынан келип чыгууда. Ошондуктан сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербестен жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздалып жатат. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе.

Азыркы тапта эгин талаасына суу жетпей жатышынын бирден-бир себеби — мөңгүлөр эрибей жатат. Соңку төрт-беш күндөн бери күн салкындагандыктан мөңгүлөр эрибей калды. Мисалы: Аламүдүн дарыясынын суу топтоочу жерине жай мезгилинде секундасына 9 куб метр суу агып кирип турса дыйкандарга кенен жетмек. Бирок азыр 2,4 куб метрге чейин түшүп кетти. Мурунку жумада жакшы эле келип жаткан, күн салкындагандан кийин мөңгүлөр эрибей суу кайра азая түштү. Эки күн мурун тоолорго кар жааптыр. Негизи эле быйыл суу тартыш, кышта тоолорго кар аз түшүп, жамгыр да жаабай жатат.

Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет. Быйыл суу орточо нормадан 2,5 эсеге аз экенин билдирди. Ал жерде Аламүдүндүн Байтик айыл өкмөтүнөн келген дыйкандарды дагы кезиктирдик. Суу жетпей жатканына тынчсызданып, дагы 15 күн турса бир жылдык мээнети текке кетиши мүмкүндүгүн айтышты. Ансыз да азык-түлүк жана тоюттун баасы кымбаттап жатканда мындай чыгым чоң сокку болору айтылып жатат.

Жыл сайын эле 1-июлдан тарта мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйөт. Андыктан, дарыялар куурап калышы мүмкүн деген божомол туура эмес. Өкмөт райондордогу  сугат сууга байланыштуу абал менен жеринде таанышып келген. Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда. Долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизип жатат.

Суу чарбасынын Чүй мамлекеттик башкармалыгы тарабынан мерчем боюнча 1157,7 млн м3 суу бериле турган болсо, иш жүзүндө 968.1 млн м3 суу берилген, же план 84%га аткарылган. Себилген аянттын 78% на суу талап кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген, башкача айтканда бардык аянттын үчтөн экисинен көбүн түзүп тургандыгын эске ала турган болсок суу берүүнүн көлөмү 189,6 млн м3 аткарылбай калган. Айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануунун негизги фактору болуп сугат иштери эсептелинээрин, өзгөчө тамчылатып сугаруу тажрыйбасын жайылтуунун зарылдыгын туюп, ушул иштерге катуу  көңүл буруп келатат. Сууну туура колдоно турган болсок дан эгиндеринен көбүрөөк пайда табарыбыз белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости