www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отуруму болуп жатат. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдан тонналаган ун, өсүмдүк майы, кумшекер алып келинээрин билдирди.

«Бир-эки адамды күнөөлөө менен маселе чечилбейт. Биз колдон келген резервдерди карап жатабыз. Казакстандын премьер-министри менен сүйлөшүп, 10 миң тонна ун алып келгенбиз, аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кампаларга киргиздик.

Президенттин демилгеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майы, 20 миң тонна кумшекердин келиши күтүлүп жатат», - деди Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости