www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндөгү эң кары эркек киши деп саналган англиялык Роберт Уэйтон 113 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал 28-майда өпкө рагынан көз жумган. 1908-жылы 29-мартта туулган Уэйтон өзүнүн 112 жашын коронавирус пандемиясынан улам жакындары менен белгилей алган эмес. Ал 1937-жылы үйлөнүп, эки уул, бир кызды тарбиялаган. Анын 10 небереси жана 25 чөбөрөсү бар.

Уэйтон каза болгондон кийин дүйнөдөгү эң улгайган эркек наамын 1909-жылы 8-февралда төрөлгөн румыниялык Думитру Команеску жана испаниялык Сатурнино де ла Фуенте ээлеп калышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости