www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Kenzo брендинин негиздөөчүсү Кензо Такада 81 жаш курагында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс билдирди. Ал Париждеги ооруканада көз жумган. Такада француздардын алкоосуна татыган биринчи жапон дизайнери болгон.

Маркум дизайнер Осакада туулуп, 1960-жылдары Францияга көчүп келип, бүт карьерасын ушул жерде өткөргөн. 1970-жылдары ал дүйнөгө белгилүү Kenzo брендин негиздеген. 1993-жылы ал өз брендин LVMH компаниясына сатып жиберген.

Маалымат үчүн, жапон дизайнери дээрлик 8 000ден ашуун мода дизайнын жасаган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости