www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 274 миң 274 адамга жукту. Анын ичинен 5 миллион 215 миң 575 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы бул оорудан 504 миң 843 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 587 миң 154 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 705 миң 203, каза болгондор - 126 миң 127.

Бразилия 1 миллион 368 миң 195 адам менен экинчи орунда турат. Анда 754 миң 558 бейтабы ооруну жеңсе, 58 миң 314ү кайтыш болду.

Орусияда 640 миң 246 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 402 миң 778, каза болгондор - 9 миң 152.

Индияда 548 миң 318 адам бул илдет менен жабыркап, анын 321 миң 723 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 16 миң 475.

Ал эми Улуу Британияда 313 миң 470 адамдан илдеттин катталганы аныкталган. Ооруну жеңди делинген жарандар - 1 367, каза болгондор - 43 миң 659.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости