www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 17 миллион 965 миң 567 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 634 миң 582 бейтап айыгып чыкса, 687 миң 72 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 665 миң 13 адамдан коронавирус аныкталды.154 миң 834 адам каза болсо, 1 миллион 468 миң 689 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 707 миң 877 адамдан аныкталды. 93 миң 563 адам каза болсо, 2 миллион 62 миң 876 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 750 миң 723 адам вируска кабылган. 37 миң 364 бейтап көз жумса, 1 миллион 145 миң 629 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости