www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны тогул миллиондон ашканын көрсөттү. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экенин билдирген.
Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.
Оору эң көп тараган мамлекеттер (23-июнь, эртең менен саат 8ге карата):
АКШ - 2 310 786
Бразилия - 1 106 470
Орусия - 591 465
Индия- 485 282
Улуу Британия - 306 761
Перу- 227 447
Чили - 246 963
Испания - 246 504
Италия - 238 720
Иран - 207 525
Франция - 197 381
Германия - 191 768
Түркия - 188 897
Мексика - 185 122
Пакистан - 181 088
Сауд Арабия - 161 005
Бангладеш - 115 786
Канада - 103 418
Түштүк Африка Республикасы - 101 590
Борбор Азиядагы мамлекеттерден:
Казакстан - 17 732
Өзбекстан - 6461
Тажикстан - 5513
Кыргызстан - 3356
Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус жоктугун айтып келатканы менен соңку күндөрү өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйгөнү кабарланууда.
Булак: NazarNews.kg