www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адилеттүү болсоң, бактылуу да болосуң.

(Жан Жак Руссо)

Адилеттүү адамдын адептик сапаттары мыйзамды толугу менен  алмаштыра алат.

(Менандр)

Адилеттүүлүк жоголгон кезде адамдардын жашоосуна баалуулук берген эчтеке калбай калат.

(Иммануил Кант)

Добуштардын көптүгү адилеттүүлүктүн чен-өлчөмү боло албайт.

(Фридрих Шиллер)

Эгер адамзат адилеттүүлүккө умтулганда ага эчак жетишмек.

(Уильям Хэзлитт)

Адамдарды адилеттүүлүктү сүйүүгө үйрөтүш үчүн аларга адилетсиздин натыйжасын көрсөтүш керек.

(Адам Смит)

Үч нерсе менен үч нерсеге жетишсе болот:

1. Сабырдуулук менен эркиндикке;

2. Марттык менен улуулукка;

3. Адилеттүүлүк менен жеңишке.

(Имам Абу Хамид аль-Газали)

Мен өкмөттү эмне себептен сындап жатышкандарын түшүнбөйм. Ал эч нерсе кылган жок го?

(Боб Хоуп)

Эгер адилеттүүлүк салтанат куруп жаткан болсо, демек, ал өзүнүн акыркы юбилейин өткөрүп жаткан экен.

(Александр  Пашинин)

Адилеттүүлүк издеген киши сөзсүз Кудайга жолугат.

(Андрей Лаврухин)

Адегенде адилеттүүлүк издейсиң, анан башка иш издейсиң.

(П.С.Таранов)

Өлкөдө адилеттүүлүк өкүм сүргөн кезде кедей болгон уят; адилеттүүлүк жок кезде бай болгон уят.

(Конфуций)

Кээде мага мыйзам адилеттүүлүк өкүм сүрбөсүн үчүн жазылгандай сезилип кетет.

(Александр Вяземка)

Дүйнөдөгү эң адилеттүү нерсе – бул өлүм. Андан эч ким пара берип кутула алган эмес.

(Светлана Алексиевич)

Аялзаты жөнү жок ызаны көтөрүшү мүмкүн, бирок, адилеттүү сынды көтөрө албайт.

(Антуан де Сент-Экзюпери)

Адилеттүүлүк үчүн азап тартуу адамды Кудайга жакын кылат.

(Гарегин Нжде)

Мыйзам мыйзам болгону үчүн баалуу эмес, адилеттүү болгону үчүн баалуу.

(Генри Уорд Бичер)

Адилеттүүлүк күчтүү, ал эми күч адилеттүү болууга тийиш. Күчү жок адилеттүүлүк – бечел, адилеттүүлүгү жок күч – тиран.

(Блез Паскаль)

Согуш адилеттүү болушу мүмкүн эмес, анткени, сен адилеттүүлүк үчүн согушсаң да, адилет согушуу мүмкүн эмес.

(Тадеуш Котарбиньский)

Акыл-эстүү, март, калыс бол. Өлкө бактылуу болсо, падыша да бактылуу болот.

(Абулькасим Фирдоуси)

Жакшылыктардын ичинен эң аз кездешкени – бул адилеттүүлүк. Он айкөл адамга бир адилет адам туура келет.

(Франц Грильпарцер)

Адилеттүүлүк жок жерде мамлекет да жок.

(Аврелий Августин)

Адилеттүүлүк жөнүндөгү кооз сөздөрдү укканда дайыма “капчыгым ордунда турабы” деп текшерип кой.

(Юрий Леонидович Нестеренко)

Эгер сен адилеттик жеңди деп ойлосоң, буга жеңилгендерди ишендирип көрчү.

(Стас Янович Янковский)

Биз кан майданда өлгөндөн коркпойбуз, бирок, адилеттик талап кылынган жерде сөз айткандан коркобуз.

(Кондратий Федорович Рылеев)

Ой менен адилеттүү болгон иш да адилеттүү болду дегенди билдирбейт.

(Константин Дмитриевич Ушинский)

Ар кандай мамлекеттин негизи жана ар кандай өлкөнүн пайдубалы адилеттикке жана соттун калыстыгына таянат.

(Мухаммед Аззахири Ас-Самарканди)

Согуш канчалык зарыл, адилеттүү болбосун, ал дайыма кылмыш.

(Эрнест Хемингуэй)

Адилеттүү  адам – бул эч кимди кордоп, басынтпаган киши эмес, кордогонго мүмкүнчүлүгү болсо да кордобогон киши. 

(Филон Александрийский)

Бактылуу деген атка конгончо, адилеттүү деген атка консо болмок.

(Кенже Катондун Луций Корнелий Сулла тууралуу айтканы)

“Эркиндик, теңдик, бир туугандык”. Бул жазуу көп киши көмүлгөн мүрзөдө гана адилеттүү көрүнөт.

(Андрей Гарольдович Кнышев)

Руханий бийиктикке  жеткен адам бардык жаныбарлардан өйдө, бирок, эгер ал мыйзамдан сырт, адилетсиз жашаса, баарынан төмөн.

(Аристотель)

Кудай болбосоң адилеттүү  болуш кандай кыйын!

(Андрей Владимирович Лаврухин)

Нике – бир топ эле адилеттүү коомдук институт: күйөөсү күн сайын тамак жеп, аялы күн сайын тамак бышырууга тийиш.

(Алберто Сорди)

Башкесер адатта өз ишин   адилеттиктин чүмбөтүнө жамынып жасайт.

(Станислав Ежи Лец)

Даярдаган Мамат Сабыров 

Булак: "АЗИЯnews"

“Кеменгер кептин” үчүнчү китеби  жарык көрдү. Бул жыйнакка соңку кездерде которулган жаңы афоризмдер кирген. Китепти сатып алууну каалагандар 0773-09-69-31 телефонуна чалсаңыздар болот.

Последние новости