www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ГЭСтен 26 тыйындан сатылган электрэнергияга ортомчу болгон Атамбаев Сейит 70 тыйындан элге сатып келген. Бул эч нерсе эмес 700 КВТтан көп болсо 2014-жылдан баштап 2 сом 16 тыйынга өскөн. Кыштын күнү 26 тыйындык электрди 2 сом 16 тыйындан колдонуп келдик. Учурда электр тармагын тейлеген жетекчилер маалымат беттеринде электрди Казакстан менен Тажикстанга импорттошубуз керек деп сайрай башташты. Элдин оозунда 26 тыйындан алынган электр 86 тыйынга чыгат деген кеп уча баштады. Эгер электрге болгон баа 86 тыйынга чыкса, анда 700 КВТтан соң канча болот? Атамбаев Сейит ар бир киловаттан 44 тыйындан пайда таап келди, эми 60 тыйындан пайда тапса,канчасын мамлекеттик казнага төгүп жатат? Эгер Казакстан, Тажикстанга электрди сатсак аларга канчадан сатабыз?

Мурун соттолгон Турдубаев министр болор менен өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

Раззаков Исхак 
1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген. Электрге төлөөнүн наркы улам арзандап отуруп, 1 квт саатка 10 тыйынга түшкөн.

Усубалиев –Масалиев
1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ -1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

Акаев Аскар
1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 140 сомго көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Бакиев Курманбек
2005-жылдан 2010-жылга чейин. Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган. 2010-жылдын 1-январынан электрге болгон нарк 1 сом 50 тыйын.

Отунбаева Роза
2010-жылдан 2011-жылга чейин. ГЭС курууга убакыт да болгон эмес, электрге болгон баа 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга түшүрүлгөн.

Атамбаев Алмазбек
2011-жылдан 2017-жылга чейин. Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Аны чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы алып, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү.

2016-жылы Казакстандан 1 квтына 5 сом 61 тыйындан алганбыз, баа көтөрүлүп электрдин баасы 700 квттан соң 2 сом 16 тыйын болгон. Кызыгы, биз ошол замат кымбаттатабыз, бирок арзандатууга келгенде унутуп калабыз. Болбосо эмне себептен 2 сом 16 тыйындан кармап турабыз? Же электрге ортомчу ишканалардын жетекчилери Сейитт жана Сейтек Атамбаевдердин бизнеси гүлдөсүн деппи? Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм-бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» -деп. Коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калды. Элге электрдин арзанчылыгы гана керек, электрге болгон баа көнгөн өз ордунда калса дурус болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости