www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыкты.

Маалымат боюнча, эстеликтин бийиктиги 182 метр. “Биримдик айкели” деп аталган эстелик өлкөнүн улуттук баатыры Валлабхаи Пателдин урматына курулган. Валлабхаи Патель улуттук боштондук кыймылынын лидери Махатма Гандинин жолун жолдоочуларынын бири болгон.

Эстеликти курууда 250 инженер, 3400гө жакын жумушчулар иштеп, долбоордун баасы 430 миллион долларды түзгөн. Ал Нармада плотинасынын алдына коюлган. Айкелде 200 адам бата турган атайын көрүү үчүн аянтча  орнотулган.

Бул 182 метрлик статуя АКШда жайгашкан Эркиндик статуясынан эки эсе, ал эми Рио-де-Жанейродогу Иисустун эстелигинен бир нече эсе бийик. 

Бул эстелик ачылганга чейин дүйнөдүгү эң бийик эстелик деп Кытайдагы Будданын статуясы эсептелчи. Анын бийиктиги 108 метрди түзөт. 

Валлабхаи Пателдин айкелинин жаратуучулары анын чоң көлөмүнө карабастан, ылдамдыгы саатына 180 чакырымга чейин жеткен шамалга жана күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук бере аларын айтышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости