www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Анталья шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты.

1. Биология

2. Орус тили жана адабияты

3. Математика

4. Физика

5. Этногеография

6. География

7. Англис тили

8. Көркөм окуу

9. Көркөм сүрөт

Жалпысынан олимпиадага 16 мамлекеттен 62 команда катышкан. Жалал-Абад шаарынын окуучулары 32 медаль менен кайтышты.

Окуучуларды аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нуриса Мараимова жетектеди.

“Окуучулардын интеллектуалдык жактан билимин жогорулатуу боюнча ушул сыяктуу эл аралык олимпиадаларга катышууга көмөк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы. Калчаевге жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К. Акуновго терең ыразычылык билдирем” – дейт мектептин директору Дамира Касымбекова.

Окуучуларды 5-ноябрь күнү Ош эл аралык аэропортунан мугалимдери салтанаттуу тосуп алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости