www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң эски туристтик компания Thomas Cook өз ишин токтотконун жарыялады.

Компания көптөн бери эле каржылык жактан кыйынчылыктарга кептелип келген жана негизги акционери – кытайлык Fosun Tourism Group компаниясы жана кредиторлор менен карыздардын түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес. Ошентип айласыздан жабылууга аргасыз болгон деп айтылат маалыматтарда.

Thomas Cook туроператору дүйнөдөгү эң белгилүү туристтик бренддердин бири. Ал 1841-жылы Англиянын Лестершир шаарында негизделген.  Компаниянын сайтындагы маалыматтарга караганда, компания жылына 22 миллион туристти тейлеген. Компаниянын карамагында 200 отель жана 105 учак бар. Учурда бул компаниянын 600 миңдей кардары дүйнөнүн төрт тарабында эс алып жүрүшөт. Эми компаниянын  20 миң кызматкери жумушсуз калмакчы.

Компания каржылык жактан кыйынчылыктарга кептелгенин түрдүү себептерге байланыштырган. Анын ичинде эс алган жерлердеги тынч эмес саясий абал жана брексит да бар.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости