www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин отуз жылдыгы белгиленүүдө.

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгында “Элдин өмүрү, анын тилинде” - аттуу лозунг менен мамлекеттик тил Мыйзамын кабыл алышынын 30 жылдыгына карата мааракелүү иш-чара болуп өттү. 

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын ИИМдин түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын ырга шыктуулары  көркөм өнөрчүлүктөрүн көрсөтүп, шаңдуу кичи концерт уюштурулду, деп билдирди ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости