www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү IQсу жогору адамдар

Бул дүйнөгө келгенде, ар бир адам ар башкача болуп жаралат. Ар бирибиздин бир нерселерге жөндөмдөрүбүз бар. Кээ бирөө колунан көөр төгүлгөн чебер, кээси артист, таланттуу куудул, уста же чыгаан жазуучу болуп чыга келет. Мына ушулардын арасынан Кудай мээсин башкача кылып, акылына акыл кошуп жаратып койгондор менен таанышып алыңыз...

Ким Унг-Йонг

Бул керемет бала 1962- жылы Кореяда жарык дүйнөгө келген. Баланын акыл эсинин IQ коэффиценти 210 жогорку деңгээлин түзүп, көпчүлүктү таң калтырган. Ал 5 жашында 7 тил билип, эң кыйын дифференциалдык көнүгүүнү чыгарып салган. Hanyang университетин вундеркинд 6 жашында аяктап, америкалык НАСА компаниясынан иштөөгө чакыруу алган. Ал эми 15 жашка толгондо Ким физика илиминин доктору даражасына ээ болуп, АКШдагы эң алдыңкы Colorado State University окуу жайынын профессору болууга жетишкен.

Уильям Джеймс Сидис

Уильям дагы эң акылдуу вундеркинддердин катарын толуктайт. Анын IQ коэффиценти, Кимдикинен дагы жогору - 250дөн баштап 300 чейинки көрсөткүчтү түзгөн. Бир жарым жашында ал «Нью-Йорк Таймс» гезитин окуган. Ал эми 11 жашында Гарвард окуу жайына тапшырган. 40 тилде кенен сүйлөп, 3 жашында Гомердин оригиналын толугу менен окуп салган. Илимге баш оту менен кирген Уильям өспүрүм чагында эле эч качан үйлөнбөсүн билдирген. Бирок керемет бала узак өмүр сүргөн эмес. Ал 1944- жылы, мээсине кан уюп, каза тапкан. Уильям журналисттерден, коомдук иш- чаралардан оолак болууну жактырган. Балким, илимден башка санаалаш дос күтүүнү каалабагандыгынан ушундай болгондур. Ошентсе да, анын тагдыры бактылуу болуу үчүн мол акыл да аздык кылаарын далилдеп тургандай.

Клеопатра Стратан

Клеопатра 2002- жылы октябрь айында Кишиневдогу ырчы Павла Стратандын үй- бүлөсүндө туулган. Учурда бул кичинекей кыз эң жаш аткаруучу катары белгилүү. Анын 2006-жылы жеке альбому жарыкка чыккан. Клеопатра чоң машстабтагы чыгармачылык концертин берип, үй- бүлөлүк бюджетин ири суммада көбөйтүп келет. Ал MTV каналынан "эң жаш ырчы"наамына ээ болуп Джастин Биберди артта калтыра алган.

Леанна Арчер

Бул бийкеч- жеке косметикалык маркасы бар эң жаш жетекчи. Леанна кичине кезинде эле чачка кам көрүүчү каражаттарды өндүрүүнү максат кылат. Кийинчерээк, ал 11 жашка чыкканда, өз максатына жетип табигый азык- түлүктөн жасалуучу органикалык косметиканын өндүрүлүшүн негиздеген. Анын мындай косметикасы бүтүндөй Европага жана дүйнө жүзүнө тарап, ага чоң киреше алып келген. Кыздын бир айлык кирешеси 180 000 АКШ долларын түзөт.

Роберт Нэй

Америкалык Роберт Нэй 14 жашында iPhoneдо ойноо үчүн Bubble Ball аттуу оюнду ойлоп табат. Мындай идея кандайча ага келгени эч кимге белгисиз. Интернетке жайгаштырылган бул оюн, iTunes каталогундагы тизмесинен биринчи орунга озуп чыккан. Бир нече айдан кийин ал оюнду 10 миллион колдонуучу жүктөшкөн. Роберт өзүнүн ойлоп тапканын эч кимге саткан эмес. Дал ушул оюн анын финансылык абалына жакшы шарт түзгөнү айтпаса да белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости