www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык актёр Том Хэнкс жана анын жубайы коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу актёр социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирме калтырды.

Анын билдирмесине караганда түгөйлөр Австралияга жаңы тасма тартуу үчүн барышкан. "Салам достор, азыркы учурда Рита экөөбүз Австралиядабыз. Өзүбүздү бир аз чарчагандай жана денебиздеги ооруну сезип жатабыз. Дене табыбыз бир аз жогору болууда. Рита маал-маалы менен чыйрыгып жатат. Баары ойдогудай болушу үчүн бизди текшеришти, тактап айтканда, коронавируска каршы тест тапшырдык. Жыйынтыгында вирустун белгилери бар экендигин көрсөттү", - деп жазаган актёр.

Белгилей кетсек, Том Хэнкс жубайы актриса Рита Уилсон менен 1988-жылы баш кошушкан. Түгөйлөрдүн ортосунда эки уулу бар. Актёр дүйнөдөгү күйөрмандарына “Чоң”, “Форест Гамп", ”Жеке Райанды сактаңыз”, ”Чыгарылган” аттуу көп фильмдери менен таанылган. Ал 2016-жылы ошол кездеги АКШнын президенти Барака Обамадан “Президенттин боштондук медалын” алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости