www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда өткөн мамлекеттик эмес уюмдардын жана бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу учурунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна так, туура маалымат алууга тоскоолдуктар болуп жаткандыгы тууралуу сөз болгон. Бирок бийлик өкүлдөрү бул сөздү четке каккан.
Кийинки күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери Түркмөнстанга келээри белгилүү болгон. Бул маалыматтан кийин аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги, ошондой эле башка органдар шашылыш жолугушуу өткөрүшкөнүн өздүк булактар "Түркмөнстан хроникасына" кабарлашкан.
Анда карантиндик аймактарда жаткан адамдарды үй карантинине жиберип, алардын санын кыскартуу боюнча маселе каралган. Ошондой эле коронавирус аныкталган жана анын белгилери бар адамдарды аскер объектилеринин аймагына которуу тууралуу маселе каралган. БДСС уюмунун адистери андай аймактарга мыйзам боюнча кире албайт.
Ал эми оорудан айыгып чыккан адамдардын оору тарыхына өзгөртүүлөр кирип, коронавирус өлкөдө катталганын максималдуу түрдө жашыруу тапшырмасы берилгени айтылды.
Булак: NazarNews.kg