www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жума күнү ДССУ терапиялык дарылар жана алардын COVID-19га каршы күрөшүүдөгү пайдасы боюнча жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир жана интерферон менен бириктирилген дарынын түрлөрү COVID-19га кабылгандарды дарылоо, анын кесепетинен келип чыккан өлүмдү азайтууда майнапсыз болуп чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДССУ) уюмунун расмий өкүлү Тарик Язаревич айткандыгын РИА Новости жазып чыкты.
"ДССУ терапиялык дарыларды тесттен өтүү боюнча иликтөө жүргүзгөн. Алдын ала берилген бүтүмдө, ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир, интерферон COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылоодо жана өлүмдү азайтууда жардамы өтө аз экени аныкталды, ал тургай жардам болгон деле эмес", — деген Язаревич.
Булак: NazarNews.kg