www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Яндекс. Такси кызматы ишин баштады. Мындан кийин шаардын тургундары жана меймандары мобилдик колдонмо же сайт аркылуу таксиге буйрутма кыла алышат. Яндекс.Такси — Кыргыз Республикасында толук кыргыз тилинде жергиликтелген колдонмосу менен биринчи эл аралык таксини онлайн-буйрутмалоосу. Ушул кызмат 2017-жылдын ноябрынан баштап Бишкекте иштей баштады.

Унаага буйрутма берүү үчүн диспетчерге чалуунун кереги жок: Яндекс.Такси автоматтык түрдө колдонуучунун турган жерин аныктап, буйрутманы барынан тез келе ала турган айдоочуга жөнөтөт. Ошто таксини күтүүнүн орточо убактысы 5-7 мүнөттү түзөт, унаанын жакындаганын түз эле колдонмон шаардын картасынан көрүүгө болот.

Ошто бирдиктүү тариф колдонулат: унаа берүү жана жолдо биринчи 5 мүнөт 20 сом, андан ары мүнөтүнө 1 сомдон көп эмес болот. Ар бир километрдин баасы – каттамдын башталышынан 10 сом. Мисалы, 40 сом менен Батыш кичи районунан Черёмушки кичи районуна барууга болот. Шаардын четине барууда ар бир километр 20 сомдон көп болбойт. Жолдордогу тыгындарды эске алып, колдонуучулар каттамдын акыркы чекитин көрсөтүү менен сапардын болжолдуу баасын мурдатан көрө алышат.

«Технологияларыбыз жана алгоритмдерибиз болгондуктан, такси ыңгайлуу жана кымбат эмес жол жүрүүнүн түрү болот. Автоматтык түрдө жакын жерде турган айдоочуга буйрутма берип, унаа берүү убактысын кыскартып, кызматтын баасын арзандатабыз, анткени айдоочу кардарга барыш үчүн бүтүн шаар аркылуу жүрүш керек болот. Азыркы учурда Ошто эң жеткиликтүү сапарлар бизде» деп Кыргызстандагы Яндекс.Таксинин жетекси Аскар Акказиев айтып берди.

Яндекс.Такси айдоочулар менен түздөн-түз иштебейт, таксопарктар жана диспетчердик кызматтары менен гана иштейт. Буйрутмаларды бөлүштүрүүдө колдонмо колдонуучулардын баалоолоруна жана алынган сапарлардын сатистикасына негизделген айдоочунуну рейтингин эске алат. Бүгүнкү күндө Ошто ушул кызматка жети өнөктөш таксопаркаттардан 900дөн ашуун автоунаалар туташылган.

Акысыз Яндекс.Такси колдонмосу iOS жана Android үчүн жеткиликтүү.

Яндекс.Такси — таксини онлайн чакырууга арналган кызмат. Ал колдонуучунун жайгашкан жерин аныктап, буйрутманы ылдамыраак келе алчу айдоочуга жөнөтөт. Яндекстин техногологиясы — суроо-талапты жана жол тыгындарын божомолдоосу, картадагы багыттамасы жана алгоритмдердин жардамы менен буйрутмалары бөлүштүрүүсү – таксинин токтоп туруу жана кур бекер жүрүү убакытын азайтат. Ушундан улам сапарлар арзаныраак, ал эми айдоочулардын акысы — жогорураак болот. Биргелешкен Яндекс.Такси жана Uber компаниясы сегиз өлкөнүн 300 шаарында иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости