www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эң кары адамы каза болду

Гиннестин рекорддор китебине кирген, планетанын эң кары адамы япониялык Ватанабэ Титэцу 23-февраль күнү 112 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү Киодо басылмасы жазды.

Маалыматка таянсак, Титэцу Ниигата префектурасындагы карылар үйүндө жашап келген. Жакынкы күндөрдө, тагыраагы 12-февраль күнү ал Жер планетасындагы эң кары адам катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Ал 1907-жылдын 5-мартында жарык дүйнөгө келген. 20 жашка толгондо үй-бүлөсү менен Тайванга көчүп кетип, ал жакта 18 жыл жашагандан кийин Японияга кайткан.

Белгилей кетсек, планетанын эң кары адамы деп Хоккайдо аралында жашаган Масадзо Нонака эсептелген. Ал 2019-жылы 113 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости