www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-октябрда Биринчи май райондук сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон иштин материалдарын кароо боюнча сот болгон жок.

Катчынын айтымында, сот адвокаттардын келбей калгандыгына жана айыпталуучуну сотко алып келбегендиктен сот отурумун кийинкиге калтырды.

Буга чейин адвокаттар Дүйшөнбек Зилалиев коронавирус инфекциясы боюнча тесттен өтмөйүнчө процесстен баш тартышканы маалымдалган. Ошондой эле Зилалиевдин дене табы көтөрүлүп жатканы кабарланган.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган.

Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости