www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүү үчүн марихуананы пайдаланууга жол ачуу керек. Мына ушундай пикирин кечээ, 2040-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын (УТӨС) долбоору боюнча эксперттердин талкуусуна катышкан Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Туристтик тармак жөнүндө сөз кылган ал: “Азыр кыргыздардын көпчүлүгү Ысык-көлгө эмес, Түркияга барышат. Стамбулга барып келген билет, 7 күн эс алуу ага кошумча тамак-ашы болгону 300 доллар”,-дейт. Чындыгында баанын арзандыгы түрктөрдүн фишкасы. Ал эми аларга атаандаштык түзүүгө кыргызстандык туроператорлордун эч нерсеси жоктугун белгилеген башкы банкир: “Эгер сиздер неолибералисттер болсоңуздар, фишка ойлоп тапкыла. Мен бул жакка бардык туристтерди кантип тартууну билем-марихуананы легалдаштыргыла. Болду, башка эч нерсенин кереги жок, туристтер таңгагы менен келишет. Бүт КМШ келип, мейманканаларда орун калбай калат. Мына бул-фишка”,-деп мылжыйды. Бул анын тамашасыбы же чынбы ким билсин, айтор, жыйынга келгендер да жылмайып тим болду.

Буга чейин ушундай демилгени нашакорлорду дарылаган Жеңишбек Назаралиев да көтөрүп чыккан жана аны дайыма айтып келет. Эми минтип башкы банкирибиз да “дүңктү” айтып калыптыр. Эгер мындай идея ишке ашса, тигинден чегип алып дүңкүйүп эки күндүн биринде митинг кылып, революциядан башыбыз чыкпай калбайбы?.. 

Булак:"egemen.kg"

Последние новости