www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбеде мурда эң ири банктардын бири катары иш алып барып, кийин банкрот болуп калган "Тожиксодиротбанктын" негизги имараты сатыкка коюлду.
Имараттын сатылары жөнүндө маалымат 25-майда жарыяланды.
"Тожиксодиротбанктын" 22 миң чарчы метрди түзгөн негизги имараты Душанбенин борборунда жайгашкан, анын баасы 12 милллион долларга жакын суммага бааланууда.
Бул арада "Тожиксодиротбанктын" ири акционери Тожиддин Пирзодага мурда таандык болгон «Тажикстан» мейманканасы да сатыкка коюлду.
Мейманкананын баштапкы баасы 25 миллион доллардан башталат. Инвестиция жана мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу комитетинин маалыматына караганда, мейманкана 139 номерлүү жана эки гектар жери бар.
"Тожиксодиротбанктын" активдерин сатып алуу-сатуу жараяны 2021-жылы майда Тажикстандын Улуттук банкы "Тожиксодиротбанк" менен "Агроинвестбанкты" башкарууга уруксат алгандан кийин башталган. Сот банкрот болгон эки банкка убактылуу башкаруучу дайындаган.
Тажик бийлиги маалымдагандай, лицензияларын алып жаткан маалда "Агроинвестбанктын" 28 000дей, "Тожиксодиротбанктын" 5 500 кардары болгон.
Камсыздандыруу фонду банктарга сомони менен акча салган кардарларга 30 миң сомониге чейин гана төлөп берип жатат. Чет өлкөлүк валюта менен акча салгандар 21 миң сомони гана алышат. Аманатчылардын калган акчасы банктардын активдери сатылгандан кийин гана төлөнүп берилет.
Булак: NazarNews.kg