www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык банктарга кыргыз сомун алмаштыруу сунушталды

Евразия экономикалык форумунун катышуучулары Орусияда сом менен акча алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

26-майда Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын улуттук валютасы - сомду Орусиянын банктарында, акча алмаштыруучу жайларында башка валюталар менен айырбаштоо сунушу айтылды.

"ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияланган валюталык рынокту түзүүнүн практикалык жагдайлары" деп аталган тематикалык сессиянын жыйынтыктоочу резолюциясына россиялык банктарга акча алмаштыруу операцияларында кыргыз сомун да кошуу тууралуу пункт киргизилмекчи.

Аталган жыйындын жүрүшүндө мындай сунушту Кыргызстандын банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев айтты.

«Мага мындай өтүнүч менен Орусияда иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары көп кайрылышат. Алар Орусиянын банктарынын акча алмаштыруучу жайларында казак теңгесин, беларусь рублин жана армян драмын тапса болот, бирок кыргыз сому жок дешет. Биз ЕАЭБ аймагында улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүп жаткандыгыбызды эске алып, башка мүчө-мамлекеттердин валюталары менен кошо россиялык банктарда кыргыз сому да болсо туура болмок», - деди ал.  
 
Сессиянын модератору Александр Мурычев мындай идеяны колдоого алып, тиешелүү сунушту Евразия экономикалык форумунун сессиясынын резолюциясына бекитүү үчүн кошуу керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости