www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе мэри Рустам Эмомали борбор калаада коронавирус инфекциясын жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн үч миң орундуу убактылуу оорукана даярдоого буйрук берди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Рустами Эмомали оорукананы адискөй кызматкерлер, медициналык жабдуулар менен камсыздоону тапшырган.

Маалыматта инфекциялык оорукана кайсы жерде жайгаша турганы айтылган эмес.

Тажик бийлиги 3-майда 128 киши вирус жуктуруп алганын, 2 киши көз жумганын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга баа берип, коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынын алдын алууга жарда берүү үчүн Тажикстанга келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости