www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 27-апрелинде Түркмөнстандагы бир канча калктуу конуштарында, анын ичинде борбор шаарында да жүз берген кумдуу бороон жайкын тургундарга катуу сокку урду. Жаратылыш кырсыгынан улам миңдеген адамдын үй жайы жараксыз абалга келип, суткалап газсыз, суусуз, жарыксыз калышты. Бул тууралуу turkmen.news жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындан улам, адам өмүрлөрү кыйылып, каза болгондордун сөөктөрү моргдорго батпай, коридорлорго чейин чыгып калганын жана дайыны чыкпай аткандардын саны да көп. Өлгөндөрдүн арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар.

Бирок расмий бийлик мындай маалыматтарды жашырып жатат. Ал эмес, кырсыктан калган калдыктарды смартфондорунда тартып алгандар камалып жатат.

Ошондой эле, кыйроолорду тартып алганы үчүн жергиликтүү полиция бөлүмүндө 3 суткадан бери 66 адам камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости