www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казахстан президенти Касым-Жоомарт Токаев Сенаттын төрагалыгына өзүнүн кишисин алып келди дегенге негиз бар. Анткени Токаевдин шайлоо штабынын башчысы, акыркы кезде президенттик администрация башчынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Маулен Ашимбаев 4-майда Сенаттын төрагалыгына бир добуштан шайланды.

Бир күн мурун Токаев Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеваны кызматынан бошоткон эле. Назарбаевдин бул ири кадрдык чечимдерге карата реакциясы боло элек.

Сенат жетекчилигине өзүнө жакын кишини алып келүү менен Токаев “бирдемке болсоң, ордуңа мен келем” деп турган Дарига Назарбаева коркунучун четтети. Казахстан бийлик иерархиясында Сенаттын төрагасы президенттен кийин экинчи орунда туруп, президент бирдемке болсо, мамлекет башчынын милдетин аткарат эмеспи.

Айданбек Акматов, журналист 

NazarNews.kg

Последние новости