www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жана Ош жөнөкөй эле борборлор эмес. Бул шаарлар бизнестин, сооданын, финансынын да борборлору. Бул эки ири шаарды жабуу менен Кыргызстанда бардык бизнес, дыйканчылык, соода иштерине аёосуз чектөө киргизилди. Анын айынан босогодо экономикалык каатчылык турат...

Эми эки борбор шаарга кирүүдө температураны текшерүү, ал эмес коронавирус боюнча анализи таза болсо гана киргизебиз деген өтө бир эффективдүү эмес, калкты абдан кыйынчылыкка сала турган чараларды киргизип жатышат.

Температураны текшерүү боюнча алганда, биринчиден, сыртта күн ысыды. Автоунаада келаткан адамдардын баары ысып келет. Ошондуктан текшерип келгенде соп-соо адамдын маңдайы, жүзүнүн терисинин температурасы 40 градусту көрсөтө берет. Муну өз тажрыйбабыздан көрдүк.

Экинчиден, коронавирусу жок деген медициналык кагаз менен Бишкек, Ошко киргизүү бир жагынан коррупцияны, экинчи жагынан көз боемочулукту күчөтөт. Түшкө чейин анализ тапшырып, таза деген маалымдама алдың дейли, а бирок түштөн кийин вирус жуктуруп алышың мүмкүн. Анда кандай болот? Анын үстүнө корона вирус жуккан адамдардын көбүндө анын симптомдору байкалбайт...

Ошондуктан обочолонуу, санитардык талаптарды аткаруу, адамдардын акыл-эстүүлүгүнө ишенүүдөн өтөрү жок.

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости