www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлу Узарбек Жылкыбаев чабал жетекчи болуп жатканы маалым. Жергиликтүү калк да бу жигиттин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай келет.
Мындан улам анын ордуна кызыккандар, көз арткандар толтура. Четинен эле атасак, Президенттин ЖКдагы өкүлү Курма-бек Дыйканбаев деген бир тыңчыкма бар.
Ошол эрен эмитеден аталган облустун башчылыгын мээлеп турганы боюнча кептер айтыла баштады. Узар болсо тырмышып, креслосун сактап калуунун амалын көрүп, ар жума сайын Ак үйдө сагаалап жүрүптүр.
Ачыгын айтканда, Курманбек Дыйканбаев деле Ысык-Көл элинин жүгүн тарта албайт. Көлдө кадыр-баркы да анчейин эмес. Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөн колдоо күтө турган болсо, ошол жерде таасири бар, таза улан-кыздар менен биргеликте иш жүргүзүшү керек, Жакшылап ойлонбосо, Дыйканбаев деле баягы Кыдыкбек Исаевдин кейпин киет..
Булак: "Ачык саясат плюс"