www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден БУУнун Башкы ассамблеясындагы алгачкы сөзүндө Вашингтон климаттагы өзгөрүүлөр жана COVID-19 пандемиясы өңдүү жалпы адамзат үчүн маанилүү маселелерди чечүүнүн үстүнөн дипломатиялык аракеттерин күч алдырарына токтолот. Байден 76-ассамблеянын биринчи күнүндө, 21-сентябрда чыгып сүйлөйт.

Байден АКШ - Кытай мамилелерине да токтолуп, ал өлкө менен “кансыз согушка” жеткирбөөнү каалай турганын айтат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Вашингтон администрациясындагы расмий адам "Франс пресс" агенттигине билдирди. Маалыматка караганда, Байден Ооганстандагы уруштун аякташы “эффективдүү америкалык дипломатияга басым жасаган жаңы барактын ачылышына” өбөлгө түзгөнүн да белгилемекчи.

Ассамблеянын трибунасынан биринчи жолу Ирандын президенти Ибрахим Раиси да кайрылганы турат. Анын сөзү алдын ала жаздырылган. 21-сентябрда Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев сүйлөшөт. Алардын да сөздөрү буга чейин жаздырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости